Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусу болду
Кыргызстан жаңылыктары
 Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусу болду

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуу болду. 

Ал 4-августунан 10-августуна чейин Тажикстандын Душанбе шаарында өттү. Тараптардын жолугушуусу Кыргызстан жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык өткөрүлдү. 

Жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында болоору пландалууда.