Жаңылыктар
Малды асылдандыруу иштери жанданууда
Кыргызстан жаңылыктары
Малды асылдандыруу иштери жанданууда

Дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен турмуш кылган Кыргызстан калкы, эң ириде малдын санына эмес сапатына көңүл бура баштады. Мамлекеттин колдоосу менен малды асылдандыруу иши жанданып, атайын пилоттук айыл аймактарында 400дөн ашык жасалма уруктандыруу бөлүмчөлөрү иштеп жатат.

Мындай демилге 3 жыл мурда башталып, айыл чарба министрлиги тарабынан "Элита" деп аталган асыл тукум станциясы түзүлгөн. Мына бул Америкадан алынып келинген букалар ошол кезде 5-6 айлык торпоктор болчу. Учурда ар биринин салмагы 1 тоннадан ашып, бир жылда 20 миңге чейин урук берип жатат.

Алынган уруктардын сапатын аныктоочу бул жабдыктар, Германиядан алынып келинген. Алгач уруктар текшерилгенден кийин, курамына күчтөндүрүүчү кошулмалар кошулат дагы, атайын идиштерге салынып, -196 градусту түзгөн сандыкчаларда сакталат. Эгер сактоо туура жана так болсо, мөөнөтүнө карабай, каалаган учурда алып колдонууга жарай берет.

Мындай иштердин баардыгы өкмөттүн «Кыргызстандын пилоттук айыл аймактарындагы тубар уйларды жасалма жол менен уруктандыруу жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жогорку сапаттагы асыл тукум уруктар менен камсыз кылуу жөнүндө» буйругунун негизинде ишке ашырылууда.