Жаңылыктар
Баткен облусунда жаңы окуу жылына карата канча мектеп пайдаланууга берилет?
Кыргызстан жаңылыктары
 Баткен облусунда жаңы окуу жылына карата канча мектеп пайдаланууга берилет?

Баткен облусунда 2023-2024-жаңы окуу жылына карата беш типтүү мектеп, эки кошумча окуу корпусу пайдаланууга берилет. Мындан сырткары Лейлек районунда “Борбордук” жана “Максат” орто мектептери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. 

Аны менен катар жаңы окуу жылынын башталышы менен үч бала бакчасы пайдаланууга берилет. Учурда облуста жалпы 34 билим берүү мекемесинин курулушу жүрүүдө, анын 25и мектеп, 9у балА бакчасы.