Жаңылыктар
Коронавирустун жаңы штаммы дүйнө жүзү боюнча тез тарап жатканын жарыялады
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавирустун жаңы штаммы дүйнө жүзү боюнча тез тарап жатканын жарыялады

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус инфекциясынын омикрон штаммынын EG.5 “Eris” жаңы варианты дүйнө жүзү боюнча тез тарап жатканын жарыялады. 

Ошол эле учурда коронавирустун жаңы версиясы глобалдык деңгээлде калк үчүн чоң коркунуч туудурбайт деп эсептейт. EG.5 штаммы 17-февралда катталган. Ошондон бери дүйнө жүзү боюнча катталган учурлардын үлүшүнүн туруктуу өсүшү байкалды. "Эрис" штаммынын симптомдору буга чейинки варианттардагыдай эле: жөтөл, мурундун агышы, ысытма, ангина жана көкүрөктүн кысылышы. Эскерте кетсек, дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус инфекциясына байланыштуу буга чейин жарыяланган пандемияны жокко чыгарган. Бирок өзгөчө кырдаалдын жоюлушу вирус коркунучсыз дегенди билдирбейт дешкен. Мындан улам илдетке каршы вакцина алууну эскертип келе жатышат.