Жаңылыктар
Жаштарыбыз өнүгүүнүн өзөгү болсун
Кыргызстан жаңылыктары
Жаштарыбыз өнүгүүнүн өзөгү болсун

Бүгүн 12-августта дүйнө жүзүндө Эл аралык жаштар күнү белгиленүүдө. 

Бул күнгө карата Улуттук статистикалык комитет кызыктуу фактыларды даярдады. Кыргызстанда “Жаштар жөнүндөгү” КРдин мыйзамына ылайык, бул курактык категорияга 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандар кирет. 2023-жылдагы Эл аралык жаштар күнүнүн максаты - эч кимди артта калтырбай, туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетүү үчүн бардык муундарга дем берип, алардын иш аракетин активдештирүүнү көздөйт.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө 15 жаштан 24 жашка чейинки курактагы 1,2 млрд адам жашап, планетадагы калктын 16 пайызын түзөт. Кыргызстанда болсо 14-35 жаштагы жарандардын саны быйыл 2 млн 439 миң адамды же калктын жалпы санынын 35 пайызын түзгөн. Кыргызстанда 14-35 жаштагы жаштардын үлүшү калктын үчтөн биринен көбүрөөгүн түзүп жаткандыктан, дүйнөлүк демографиялык мерчем менен алганда биздин мамлекетти - өнүгүү жаатында келечеги бар өлкө деп эсептесе болот.