Жаңылыктар
Жер басып алууга жана үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды
Кылмыш
Жер басып алууга жана үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды

Ошто жерди басып алууга жана үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды.

 Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ИИМдин Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүүбөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон жаранды кармашты. Тактап айтканда, 6-августта Кара-Суурайонунун тургуну арыз менен кайрылып, анда 4-август күнү саат 13:00 чамасында Кара-Суу районунуна караштуу Конурат айылында "Куттубек" аттуу жаран себепсиз уруп денесине залал келтиргенин, натыйжада жабырлануучу Ош шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылганын билдирген. Ошондой эле 2023-жылдын 27-апрелинде ушул эле адамдын үстүнөн арыз түшкөн, анда арыздануучу "Куттубек" аттуу жаран 6 сотых жерин мыйзамсыз ээлеп , курулуш баштап атканын билдирген. Жабырлануучу мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Бул фактылар Кара-Суу райондук милициясына катталып, тергөө кызматы тарабынан мыйзамга ылайык кылмыш иш козголгон. Натыйжада ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, Кара-Суу районунун тургуну мурун бир нече жолу соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон 1983-жылы туулган М.К. такталып, ал 10-август күнү кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.