Жаңылыктар
Бишкекте троллейбустар каттамга чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте троллейбустар каттамга чыкты

Бишкек шаарынынын троллейбус башкармалыгынын айдоочулары кайрадан ишке чыгышты. 

Алар менен Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов жолугушуу өткөрүп, кеңешкенден кийин бир пикирге келишти. Эми кызматкерлердин маянасы 50 миң сомдон болмой болду. Эске салсак, буга чейин айдоочулар айлык маяна аздыгына жана жумуш процессиндеги айрым ыңгайсыздыктардан улам нааразы болуп, иш таштап, митингге чыгышкан.