Жаңылыктар
Бишкекте III кыргыз-фин бизнес форуму өтөт
Экономика
Бишкекте III кыргыз-фин бизнес форуму өтөт

Бишкекте бизнес форуму өтөт

28-августта Бишкекте III кыргыз-фин бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, туризм, энергиянын кайра жаралуучу булактары, анын ичинде катуу калдыктарды кайра иштетүү жана башка приоритеттүү тармактарда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду мындан ары ишке ашырууга жана биргелешкен ишканалар менен эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда ишкердик мамилелерди орнотууга багытталган. Мындан тышкары, логистика, ата мекендик товарларды жана продукцияларды Европа биримдигинин өлкөлөрүнө, анын ичинде Финляндияга экспорттоо маселелери каралат.