Жаңылыктар
32 айдоочу мас абалында кармалды
Кылмыш
32 айдоочу мас абалында кармалды

Бишкекте 1 жуманын ичинде мас абалында унаа башкарган 32 айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди. Акыркы бир аптанын ичинде эле баш калаада 5594

жол эрежесин бузуу катталган. Анын ичинен 132 айдоочу унаа каражатын көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашыкча айдагандыгы үчүн; 26 айдоочу транспорт каражатынын терезелерин мыйзамсыз карангылаткандыгы үчүн; 61 айдоочу унаа каражатын айдоочулук күбөлүгү жок башкаргандыгы үчүн; 2810 жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн жана башка бир катар бузуулар катталып, 795 автоунаа атайын токтотуучу жайга токтотулду.