Жаңылыктар
Көөдөндү көкөлөткөн көк бөрү
Кыргызстан жаңылыктары
Көөдөндү көкөлөткөн көк бөрү

Президент Садыр Жапаров Көк бөрү боюнча клубдар аралык биринчи Дүйнөлүк чемпионатты ачат.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын маалыматына ылайык, л аралык турнир 13-20-августта Ысык-Көл районундагы Булан-Соготту айылындагы ат майданында өтөт. Иш-чаранын ачылыш аземи "УТРК - спорт" телеканалынын эфиринде, социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат. Түз эфирдин башталышы 13-августта саат 13:00дө. Эскерте кетсек, бул турнирдин өзгөчөлүгү: курама командалар эмес, клубдар ортосунда мелдеш болот. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Американын көк бөрүчүлөр катышат. Азыркы тапта Өзбекстан, Казакстан жана Алтайдын клубдары даярдыктан өтүүдө. Кыргызстанда көк бөрү өнүгүп келе жаткандыктан, турнирлер үч лигага бөлүнүп өтөт. Алар: жогорку, биринчи жана экинчи лига. Эл аралык турнирде жогорку жана биринчи лигадагылар ойнойт.