Жаңылыктар
"Унаа" мекемесинин жаңы сектору ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Унаа" мекемесинин жаңы сектору ачылды

12-августта Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жаңы сектору ачылып, ага мекеме жетекчилиги, президенттин Чүй облусундагы өкүлү жана жергиликтүү тургундар катышты.

 Аталган сектор жоголгон жана эскирген айдоочулук күбөлүктөрдү калыбына келтирүү, ошондой эле транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо кызматтарын көрсөтөт. Белгиленгендей, 2023-жылдын башынан бери "Унаа" мекемеси тарабынан республиканын аймактарында 4 жаңы сектор ачылган жана учурда жаңы бөлүмдөрдү ачуу максатында аймактарда талдоо жүргүзүлүүдө. Сектор Аламүдүн районунун, Таш-Дөбө айылында, Больничная көч., 41 дарегинде жайгашкан.