Жаңылыктар
Суу түтүгү кулап, эки киши мерт кетти
Кырсык
Суу түтүгү кулап, эки киши мерт кетти

12-августта Ош облусунун Кара-Суу районундагы темир жол өткөн көпүрөгө байланган суу түтүгү кулап түшүп, Daewoo Nexia унаасын басып калып эки адам каза болду. 

Диаметри болжолдуу 1 метрлик суу түтүгү оор жүк ташуучу автоунаага илинип калып, түшүп кеткени тартылган тасмалар соцтармактарга жарыяланды. Алдын ала маалымат боюнча, оор жүк ташуучу траснпорт жолдун үстүнөн өткөн трубага тийип, ал жеңил унааны үстүнө түшүп кеткен. Ош облустук ички иштер башкармалыгы бул боюнча кененирээк маалымат берилерин билдирди.