Жаңылыктар
Пара алып жаткан жеринен жетекчилер кармалды
Кылмыш
Пара алып жаткан жеринен жетекчилер кармалды

Бишкекте опузалап пара талап кылуу менен жерге-суу көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын жетекчилик курамындагы кызматкерлери кармалды. 

10-августта ИИМдин Тергөө кызматына жаран кайрылып, “Айыл чарба министрлигине караштуу жер жана суу көзөмөлү боюнча кызматынын” жетекчилигине, ошондой эле жерге-суу көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын башчысы көп өлчөмдөгү айып салам деп коркутуп-үркүтүү жана опузалоо жолу менен, маселени оң жагына чечүү үчүн акча талап кылып жаткандыгын айтып кайрылган. 11-август күнү ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Разаков-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен 4000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаты алынып жаткан жеринен, Чүй-Бишкек региондор аралык жер суукөзөмөл кызматынын башкармалыгынын башчысы, аталган министрликтин жер суу көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалышкан. Учурда тергөө уланып, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдар боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.