Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Көк бөрү боюнча клубдар аралык l дүйнөлүк чемпионатты ачты
Спорт
Президент Садыр Жапаров Көк бөрү боюнча клубдар аралык l дүйнөлүк чемпионатты ачты

Ысык-Көл районундагы ат майданда Көк бөрү боюнча клубдар аралык биринчи дүйнөлүк чемпионат башталды. Иш-чаранын ачылышында Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, анда улуттук оюндардын тарбиялык маанисине токтолду. 

Ал өз сөзүндө көк бөрү эрки күчтүү жоокерлерди өстүрүп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле бекем эркти жана кыргыз жигиттерине тийиштүү мүнөздү калыптандырган ат оюну кулачын жайып, географиялык жактан кеңейип жатканын кошумчалады. 

Сөзүн эл аралык ынтымакты бекемдеп жаткан иш-чара ийгиликтүү өтсүн деген каалоо айтып, жыйынтыктады.