Жаңылыктар
Футзал: КМШ оюндарында Кыргызстандын жаштар курамасы күмүш медаль утту
Спорт
Футзал: КМШ оюндарында Кыргызстандын  жаштар курамасы күмүш медаль утту

Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курама командасы Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында күмүш медаль багындырды. 

Футбол боюнча мелдештер 6-августтан 12-августка чейин Минск шаарында болуп өттү. Кыргызстандык футболчулар кечээ, 12-августта Өзбекстандын командасы беттешип, атаандаштарынын дарбазасына 7 ирет гол киргизип, 7:2 эсебинде жеңип чыкты. 

Белгилей кетсек, мелдешке жалпы 5 өлкөнүн - Кыргызстан, Россия, Беларусь, Өзбекстан жана Азербайжандын командалары катышкан. Беттештердин жыйынтыгында Кыргызстандын командасы экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль багындырды.