Жаңылыктар
Мектеп куруу убадасынын мөөнөтү узарабы?
Кыргызстан жаңылыктары
Мектеп куруу убадасынын мөөнөтү узарабы?

Кыргызстанда 2010-жылдан 2020-жылга чейинки он жыл аралыгында өлкө боюнча 301 мектеп курулса, быйыл республикалык бюджеттин эсебинен 204 мектептин имараты салынууда. 

Эң көп мектеп салынды деген 2018-жылы 65 объект курулуптур. Быйыл билим берүү имараттарын салууга мамлекеттин казынасынан кеминде 8 миллиард сомдой бөлүнгөн. Мектептин 100ү жыл аягына чейин колдонууга берилет. 

Ал эми, 1-сентябрда жаңы тургузулуп, заманбап жасалгаланган 36 билим уясы балдарга эшигин ачат.