Жаңылыктар
Миллиарддаган сомдор кайдан түшүп жатат?
Кыргызстан жаңылыктары
Миллиарддаган сомдор кайдан түшүп жатат?

Быйыл алты айда Кумтөр алтын кенинен түшкөн таза кирешенин көлөмү 100 миллион доллардан ашты. Бул каражаттын чыпчыргасы калбай өлкөнүн бюджетине түшөт. 

Салыштырмалуу айта кете турган болсок, “Кумтөрдүн” 28 жылдык тарыхында өлкө болгону 100 миллион доллардай гана дивиденд алган. Бул албетте таң калыштуу жана бир чети кейиштүү дагы. Себеби, 6 ай менен 28 жылдын аралыгындагы киреше бирдей көрсөткүчтө. Акчанын опол тоодой бөлүгү чет элдик компанияларга, анда отурган үлүш ээлеринин чөнтөктөрүнө гана кетип турган. 

Учурда болсо башкаруу мамлекеттин гана колунда болуп, ар бир грамм алтын үчүн жоопкерчилик тиешелүү жактардын мойнуна илинген. Тиешелүү компанияга быйыл 14 тонна алтын чыгаруу планы коюлган. Айтымдарында баары башта коюлган талап менен кетип жатат.