Жаңылыктар
Социалдык контракт – жашоо шартты жакшыртуу
Кыргызстан жаңылыктары
Социалдык контракт – жашоо шартты жакшыртуу

Бишкектеги жашылча-жемиш саткан базарда иштегендер, соода кылып келген кардарлар Орозгүл Ажымамбетованын тамагын тамшанып жейт. 

Борбордун тургуну муктаждыктан улам “Социалдык контракт” долбоору аркылуу 100 миң сом каражат алып, базардан орун таап, чакан ашкана ачып иштетип жатат. Баштапкы капиталын туура багытта пайдаланган каарманыбыз ишкерчиликти акырындык менен жолго койгонун айтат. Орозгүл апа жолдошу менен каза болуп калган келин уулунан калган төрт небересинин камкорчулары. 

Жетимиштен ашса да ишкерчиликтин жолун таап, неберелерин элден кем кылбай татыктуу тарбия берип, үй-бүлөсүнүн бюджетин толтурууда.