Жаңылыктар
Эми Кыргызстанда желим идиш колдонулбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Эми Кыргызстанда желим идиш колдонулбайт

Ачык абада желим баштык ондогон жылдар бою калдык катары кала берсе, жер астында 100 жылга чейин сакталат. Дүйнөдө жылына 5 триллион желим баштык иштелип чыгат. 

Жыл сайын алардын айынан 300 миң жаныбар жок болорун илимпоздор айтып жүрөт. Желим баштыктардын адамдын ден-соолугуна тийгизген таасирин дарыгерлер ачык айтышпайт. Желим баштыкка коргошун кошулуп жасалгандыктан ал адамдагы көп оорулардын келип чыгышына да түз таасир этет. Андан сырткары кызыл-тазыл боектор тамак-ашка аралашканда, ысык-суукта зыяндуу болуп эсептелет. 

Ошондой эле аны бириктирген тигиштерине химиялык заттар кошулат. Анын үстүнө желим баштыктагы тамак-аш азыктары бактериалардан улам тез бузулат. Айрым учурда адам өмүрүнө коркунуч жараткан ууланууга дагы алып келиши ыктымал.