Жаңылыктар
Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 6 млрд 705,5 млн долларды түздү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 6 млрд 705,5 млн долларды түздү

2023-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 6 млрд 705,5 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

 Бул 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 31,1 %га көп, ошол эле учурда товарлардын импорту 30,3 %га, экспорт 34,6 %га өстү. Ушул эле аралыкта Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 1 995,7 миллион долларды түзүп, 2022-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 6,6 пайызга кыскарды, товарлардын экспорту 0,4 пайызга өсүп, ал эми товарлардын импорту 9,5%га кыскарды.