Жаңылыктар
Кыргызстандагы ар бир министрликтин өкүлдөрү санариптештирүү боюнча окуудан өтүп баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандагы ар бир министрликтин өкүлдөрү санариптештирүү боюнча окуудан өтүп баштады

“Санариптик трансформация доорундагы мамлекетти башкаруу” деп аталган 3 күндүк тренингде тиешелүү стратегияларды жана мыйзамдарды, электрондук башкаруунун мыйзамдык негиздерин, мамлекеттик маалыматтык системалардын иштөө механизмдерин, маалыматтарды коргоону үйрөнүп чыгышат. 

Иш-чарага катышкан Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдө санариптештирүү натыйжалуу жүргүзүлүшү керектигин баса белгилеп, мындай окутуулар трансформациялык жол-жоболорду жүргүзүүдө ишти координациялоо маселелеринде мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтча болоорун айтты.