Жаңылыктар
Бостеридеги 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектүүлөр кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бостеридеги 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Мамлекет башчысынын көзөмөлүндө турган Бостери айылында 23 жаштагы Талас облусунун тургунунун өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды.

Түзүлгөн атайын тергөө-ыкчам тобу тарабынан каза болгон жарандын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн көлөмдүү иликтөө иштери жүзөгө ашырылып, кошумча күбөлөр аныкталып, алар менен сурамжылоо иштери жүргүзүлгөн. Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмүнүн себебин аныктоо максатында кошумча соттук-медициналык жана соттук - химиялык экспертизалар дайындалган.

Андан тышкары, тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө 100дөн ашык жаран суралып, анын ичинен 44 күбө окуя боюнча көрсөтмө беришкен. Натыйжада күбө катары суракка алынган жарандардын айрымдары жалган көрсөтмө беришкендиктен, учурда алардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө.

Көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү жарандар аныкталды. Алар мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну, Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын 28 жана 29 жаштагы тургундары. Кармалгандар убактылуу-кармоочу жайына киргизилди.

Ысык-Көл райондук соттун чечими менен шектүү жарандарга карата тергөө амалдарын өткөрүү мезгилинде 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында окуянын жагдайлары жана себептерин аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.