Жаңылыктар
Ысык-Көлдө кафенин ашпозчусун бычак менен коркуткандар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө кафенин ашпозчусун бычак менен коркуткандар кармалды

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери кафенин ашпозчусун сабады деп шектелгендерди кармашты. Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып,12-августтан 13-августка караган түнү болжол менен түнкү саат 03.30 чамасында Чок-Тал айылындагы "Медуза" кафесинин ашпозчусун белгисиз үч жаран бычак менен коркутуп, сабап кетишкенин билдирген. 

Жабыркаган Чүй облусунун 20 жаштагы тургуну денесинен алган жаракатынан улам райондук аймактык ооруканага жаткырылган. Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр кармалып, райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Кармалгандар Чок-Тал айылынын 21, 24 жаштагы жана Нарын облусунун 22 жаштагы тургуну.