Жаңылыктар
Бишкекке Кытайдан 25 жаңы автобус келди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекке Кытайдан 25 жаңы автобус келди

Борбор калаага 25 жаңы автобус алынып келинди. 500 бирдиктин биринчи партиясы быйыл этап - этабы менен, кийинкиси 2024-жылы келээри күтүлүүдө. 

Жалпысынан Кыргызстанга борбор калаанын транспорт маселелерин чечүүгө багытталган заманбап, экологиялык таза 1000ден ашуун автобус алынып келинет. Эске салсак, 20-майда президент Садыр Жапаров Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында автобустарды чыгаруучу заводго барган. Буга чейин ошол заводдон Бишкекке газ менен жүрүүчү 120 автобус сатылып алынган. Алар Бишкектин жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өттү. Буга байланыштуу аталган маркадагы дагы 1 000 автобусту бюджеттик каражаттын эсебинен сатып алуу чечими кабыл алынды.