Жаңылыктар
Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Борбор Азия жаштар форуму” өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Борбор Азия жаштар форуму” өттү

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин уюштуруусунда 10-11- август күндөрү Ысык-көлдүн Чолпон-Ата шаарында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Борбор Азия жаштар форуму” өтүп, ага Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жаш делегаттар, көрүнүктүү жаш лидерлер, активисттер, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын максаты-жаштардын жана жалпы эле коомдун өнүгүүсүнө шарт түзгөн жаратман идея, тажрыйба жана билим алмашуу аянтчасын түзүү болуп саналган.

Форумга Казакстан Республикасынан келген Студенттер альянсынын төрагасы Улан Наукен “Борбор Азия жаштар форумун” уюштурган кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, форум жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилеп, буларга токтолду: «Арабыздагы ынтымакты, достукту бекемдей турган форумдар көп болсун. Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгы кут болсун. Кыргыздар менен биз бир тууганбыз»7

Айта кетчү жагдай коңшу Казакстандан келген делегация Чынгыз Айтматовдун сүрөтү тартылган бирдиктүү кийим менен келишти.