Жаңылыктар
ЖОЖдорго кабыл алуунун V туру башталды
Кыргызстан жаңылыктары
ЖОЖдорго кабыл алуунун V туру башталды

Жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Абитуриенттерди каттоо 16-август күнү сааат 14:00до аяктайт. ЖОЖдорго кабыл алуунун I, II, III, IV турунда жалпы 21 миң 750 абитуриент кабыл алынды. Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.