Жаңылыктар
Санарип доорундагы мамлекеттик башкаруу
Кыргызстан жаңылыктары
Санарип доорундагы мамлекеттик башкаруу

Кыргызстандагы ар бир министрликтин өкүлдөрү санариптештирүү боюнча окуудан өтө баштады. “Санариптик трансформация доорундагы мамлекетти башкаруу” деп аталган 3 күндүк тренингде катышуучулар электрондук башкаруунун мыйзамдык негиздерин, мамлекеттик маалыматтык системалардын иштөө механизмдерин үйрөнүп чыгышат. Иш-чарага катышкан Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, бул жаатта мамлекеттик мекемелердин алдына бир топ тапшырмаларды койду.