Жаңылыктар
Шайлоо: Талапкерлер качан чүчүкулак кармайт?
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоо: Талапкерлер качан чүчүкулак кармайт?

Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого ат салыша турган талапкерлерди бюллетенге бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак боюнча түшүндүрмө берди. 

Комиссия мүчөлөрү 24-августка чейин бюллетендин текстин бекитишет. Шайлоо бюллетендери 5-сентябрга чейин даярдалат. Бул датага чейин шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлер 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн кайтарылат. Эскерте кетсек, БШК 34 адам шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз таштаган. Аларды каттоо 20-августта бүтөт. Ал эми өнөктүк 10-сентябрга белгиленген.