Жаңылыктар
Жалал-Абадда 1-сентябрга чейин жалпы 17 мектеп пайдаланууга берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда 1-сентябрга чейин жалпы 17 мектеп пайдаланууга берилет

Жалал-Абад облусу боюнча 2023-жылдын 1-сентябрына карата жалпы 17 мектеп пайдаланууга берилет. Имараттардын басымдуу бөлүгү республикалык бюджеттен каржыланган. 

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнн маалыматына караганда, 12 мектеп өлкө казынасынан, 1 мектеп жергиликтүү бюджеттен, калган 4 мектеп эл аралык фонддордун каржылык көмөгү менен курулган. Аксы районунда 3, Ала-Букада, Базар-Коргон, Ноокен районундорунда 2ден, Сузакта 5, Токтогул 2, Тогуз-Торо районундагы 1 мектеп курулууда. Аларды 2023-2024-жаңы окуу жылына карата колдонууга берүү пландалган. Учурда имараттарды ички жасалгалоо, керектүү жабдыктар менен камсыздоо жумуштары аткарылып жатат. Облус боюнча жыл аягына чейин жалпы 20 мектеп бүткөрүлөт. Белгилей кетсек, жалпы Кыргызстан боюнча 2023-жылдын аягына чейин 100 мектеп окуучулар чун эшигин ачат.