Жаңылыктар
Ысык-Көлдө эс алуучулардын буюмдарын уурдап жүргөн уурулардын тобу кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө эс алуучулардын буюмдарын уурдап жүргөн уурулардын тобу кармалды

Бостери айылында жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуу мекемелеринин аймагындагы пляждарда эс алуучулардын мүлкүн уурдаган жаштардын тобу кармалган.

Уурулукка шектелгендер мурда соттолгон Бишкек шаарынын 20 жаштагы 3 тургуну, Чүй облусунун 23 жаштагы жашоочусу. Алар райондук сот тарабынан үй камагына чыгарылды. Ал эми дагы бир шектүү тергөө амалдарын жүргүзүү мезгилинде 2 айга камакка алынды.

Шектүүлөр негизинен уюлдук телефондорду жана акча каражаттарын уурдашкан. 8 факт боюнча жалпы материалдык зыян 310 496 сомду түздү.