Жаңылыктар
Бишкекте коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн буюмдарын уурдаган топту кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн буюмдарын уурдаган топту кармалды

Бишкекте коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн буюмдарын уурдаган топту кармалды. Белгилесек, 12-августта интернетте коомдук транспорттун салонунда бейтааныш адамдар жүргүнчүлөрдү отвертка менен коркуткан видео тараган. 

Мындан тышкары 10-августта шаар тургуну бейтааныш адамдарга чара көрүү арыз менен кайрылган. Арызында көрсөтүлгөн күнү саат 08:20 чамасында Киев көчөсү менен коомдук транспортто бара жатып, капчыгын уурдоого аракет кылганын, капчыкты ала албай калган соң, баласына жаракат келтиргенин билдирген. 10-августта дагы бир жаран милицияга кайрылып, 8-августта маршруттук таксинин салонунда бара жатып, Redmi 7 маркасындагы уюлдук телефонун уурдатып жибергенин байкап, кайтарууга аракет кылганда, белгисиз адамдар каршылык көрсөтүшкөн. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 6 чөнтөкчүнү кармап, тергөө кызматына жеткиришкен. Алар мурда бир нече жолу соттолгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн жашаган жеринен ар кандай үлгүдөгү 6 уюлдук телефон табылган.