Жаңылыктар
Кыргызстанга 15,6 млн сомдук унааларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга 15,6 млн сомдук унааларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан автоунааларды унаа тетиктери деген шылтоо менен алып кирүүгө аракет жасалган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Мындан келтирилген зыяндын суммасы 5 млн сомдон ашкан. Эмираттан алуучунун дарегине инвойско ылайык автомобилдердин запастык бөлүктөрү келген. Бирок бажылык кароонун учурунда асты жагынан жарым-жартылай кесилген 10 унаа табылган. Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө унааларды өз багыты менен иштетүүгө жарактуулугу аныкталган. Көз карандысыз экспертиза жана баалоо борборунун корутундусуна ылайык, машиналдардын жалпы орточо базар баасы 15 млн 691 миң сомду түздү. Мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 5 млн 345 миң 645 сомду түзгөн. Фактты каттоого алынып, мтериалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.