Жаңылыктар
Жол кырсыктарын алдын алуу үчүн соккуга каршы буферлер орнотулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жол кырсыктарын алдын алуу үчүн соккуга каршы буферлер орнотулууда

Бишкек-Кара-Балта жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолдорунда соккуга каршы буферлер орнотулууда. Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, буферлер жол кырсыктарын жана адам өлүмүн алдын алуу максатында коюлуп жатат. 

Учурда иштер эки тилкеде жүрүп, Бишкек-Кара-Балта жолуна 50, ал эми Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна 100 буфер орнотулду. Кум толтурулган атайын челектин салмагы 200 килограммды түзөт. Жолдун ортосундагы тосмолордун баш-аягына коюлуп жаткан атайын челектер ачык түскө ээ болуп, түн ичинде да алыстан көрүнөт. Кырсык болгон учурда буферлер соккуга жана деформацияга туруштук бере алат, бул унааларга келтирилген зыянды азайтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылат.