Жаңылыктар
Көк бөрү: алгачкы эки күндүн жыйынтыгы чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Көк бөрү: алгачкы эки күндүн жыйынтыгы чыкты

Ысык-Көлдө Көк бөрү боюнча өтүп жаткан клубдар аралык биринчи дүйнөлүк мелдешдин алгачкы эки күнүн жыйынтыгы чыкты. Анда «Алтай» командасы - «Екатеринбургду» - 5:0 эсебинде утту.

Бул экөө тең Россиянын клубу. Ал эми Кыргызстандын «Жаштык» жана «Алтын Альянс» командаларынын беттешинде “Жаштык” 3:2 менен алдыга чыкты. «Ынтымак» болсо - «Сары-Өзөндү» 5:1 менен жеңди. Мелдештин экинчи күнүндө Казакстандын «Караганда» клубу менен Россиянын «Екатеринбург» командасын 2:0 эсебинде утту. «Алтын Альянс» «Ийгиликти» 5:4, «Достук» «Мурасты» 7:4, «Красноярск» - «Москва» клубун 6:2 эсебинде, «Өзбекстан» «Алтай» командасын 8:1 менен жеңди. Мелдеш жети күнгө созулат.