Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбековдун Ош облусундагы иш сапары
Кыргызстан жаңылыктары
Сооронбай Жээнбековдун Ош облусундагы иш сапары

Балдардын билимине жумшалган каражат келечекке салынган инвестиция. Өлкөбүздүн келечеги үчүн билим берүү тармагын өнүктүрүү – өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. 

Мындай пикирин Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Кара-Суу районундагы жаңы мектептин кызыл-лентасын кесип жатып билдирди. Соорнобай Жээнбеков, Ош облусундагы иш-сапарын алгач, мамлекеттик жана коомдук ишмер бекмамат Осмоновдун 70 жылдык эскерүү-мааракесине арналган салтанаттан баштады. 

Бекмамат Осмонов 1946-жылы 14-майда Базар-Коргон районундагы Акман айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Аталган райондун Кеңеш айылындагы мектеп интернатты 1963-жылы аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы айыл чарба институтунун зооветеринария факультетине тапшырып, аны 1968-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. 

1990-жылы Жалал-Абад облустук кеңешинин төрагасы, бир жылдан кийин жаңыдан уюшулган Жалал-Абад облусунун алгачкы акими болуп дайындалган. Ал жерде облустун инфраструктурасын, маданиятын өстүрүүгө, жолдорду оңдотууга зор салым кошуп, анын демилгеси менен Жалал-Абад телерадиокомпаниясы уюшулган. 

Ош облусуна болгон иш-сапарынын соңунда өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков, «Мал чарбачылыгын жана рынокту өнүктүрүү - 2» долбоорун ишке ашыруу алкагында жайлоо пайдалануучулар бирикмелерине гранттык көмөк алууга сертификаттарды тапшырды. Долбоор 2014-жылдан 2019-жылга чейин белгиленген. Гранттын жалпы суммасы 166 миллион сом. Каражат жайыттарды жакшыртуу максатында бөлүнгөн.