Жаңылыктар
№61- мектептеги мугалимдин кодулоосуна калган окуучунун жагдайы
Кыргызстан жаңылыктары
№61- мектептеги мугалимдин кодулоосуна калган окуучунун жагдайы

Бишкек шаарындагы №61-мектептеги окуя, эки күндөн бери массалык маалымат каражаттарында кызуу талкууга алынып жатат. Анткени бейшемби күнү "Өнүгүү - Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов дал ушул мектептин мугалими кир жуугуч машина алып бербей койгон ата-энелердин балдарын сабагандыгын парламенттик жыйында айтып чыккан.

Сабактарын кайталап, экинчи чейрекке даярданып окуп отурган Ырыскелди Осмонов, 61-мектепте 2-класста окуйт. Каникул учуру болгондуктан бирге окуп, бирге ойногон классташтарын сагынганы менен, мектепке анча деле баргысы келген жок. Анткени эс алууга чыгар алдында болгон окуя дагы деле эсинен кетпей, бала өтө коркуп калган.

Ырыскелди айтып аткан эжей- мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Людмила Макарова. Ал чынында баланы катуу мыкчый кармаганын, арадан 2 жума өтсө дагы кетпей, көгөрүп турган колунан эле байкоого болот. 

Мындай жагдайды Ырыскелдинин апасы Элмира, уулунун класс жетекчиси менен окуу бөлүмүнүн башчысынын жакын мамиледе болгондугу менен байланыштырат. Анткени класс жетекчи, акыркы мезгилде Ырыскелдинин кодулап, кагып-силкип мамиле кылып, күндөлүгүнө да төмөн бааларды коюп калган.

Элмира айымдын баамында, мындай келишпестиктин баары, мугалимдер майрамынан кийин башталды. Анткени Ырыскелдинин апасы быйылкы окуу жылынан баштап, ата-энелер комитети болгондуктан, уулунун класс жетекчиси, Людмила Клок андан, майрамга карата кир жуугуч машина сатып бербейсиңерби деп суранган. 

Бирок ата-энелердин көбү буга каршы болгондуктан, кир жуугуч машиненин ордуна класс үчүн деп, ксерокөчүрмө сатып алышкан. Бирок аны да негедир, мектепке эмес, мугалимдин үйүнө жеткирип беришкен.

Окуянын чын бышыгын аныктоо үчүн, биздин чыгармачыл топ мектепке барган биринчи күнү, бизге маалымат берүүгө эч ким уруксат берген жок деген жүйөө менен мектеп мугалимдери, интервью берүүдөн баш тартышты. Материал бир тараптуу болбосун деп биз экинчи күнү да мектепке баш бактык.