Жаңылыктар
Ысык-көл: Ымыркайдын акырегинин сынышы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
 Ысык-көл: Ымыркайдын акырегинин сынышы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл облустук төрөт үйүндө төрөлгөн ымыркайдын акырегинин сынышы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.

Окуянын чоо-жайын тактоо жана ага медициналык баа берүү үчүн төрөттүн ар бир этабында медициналык стандарттардын сакталышы боюнча комплекстүү талдоо жүргүзө турган атайын топ түзүлдү. Бул иш боюнча ички иштер органдары өз алдынча иликтөө иштерин баштады. Бул окуяга катышкан медицина кызматкерлеринин ишине да юридикалык баа берилип, мыйзам бузуулар катталган учурда эң катаал чаралар көрүлөт. Учурда ымыркайга жана анын апасына толук сакайып кетүү үчүн керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.