Жаңылыктар
Бишкекте көмүр сатыла баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте көмүр сатыла баштады

Мэриянын маалыматы боюнча, учурда төрт райондо тең Шабыркүл маркасындагы кара алтын жана «Кара-Жыра» көмүрү сатыла турган отун базалары иштеп жатат. 

Тоннасы 6 миң сомдон бааланууда. Буга чейин “Кыргыз көмүр” базаларга кара алтынды ташуу иштери сентябрда башталарын айткан. Азыр Кара-Кечеде анын тоннасы 1740 сомдон деп белгиленген. Ал эми көмүр базаларында анын наркы рыноктогу баага жараша бекитилет. Эскерте кетсек, быйыл “Кыргыз көмур” мамлекеттик ишканасы 750 миңден миллион тоннага чейин көмукр казууну мерчемдеген. Суроо-талапка жараша анын көлөмүн көбөйтүшөт. Августтун ортосунан баштап Бишкек жылуулук электр борборуна Кара-Кечеден кар алтын ташыла баштайт. План боюнча, быйыл ЖЭБге 650 миң тонна ата мекендик көмур жеткирүү пландалган. Анын 600 миңи Кара-Кеченики, 50 миң тоннасы Таш-Көмүрдүкү. Мындан тышкары 550 мин тонна Казакстандын көмүрү алынып келинет.