Жаңылыктар
Боом капчыгайындагы жол кырсыгында 3 адам каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Боом капчыгайындагы жол кырсыгында 3 адам каза болду

Кечээ, 15-августта саат 16:30да Бишкек – Торугарт трассасындагы Боом капчыгайында Тoyota Avensis жана Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Интернет желелеринде кырсык болгон жерде видео тараган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсыктан үч адам каза болуп, дагы 6 адам жаракат алышып, ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда жол тескөөчүлөр унаа кырсыгынын себептерин аныктоо максатында тергөө иштерин жүргүзүшүүдө.