Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык отуруму
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык отуруму

Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 10-отуруму Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өттү. Алгач эки өлкөнүн өкмөт башчылары тар чөйрөдө жыйын өткөрдү. Анда тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгын бекемдөө багытындагы бир катар долбоорлорго токтолду. 

Ошондой эле экономикалык, маданий гуманитардык тармактарда алаканы бекемдөө боюнча да сөз болду. Тар курамдагы жолугушуудан кийин биргелешкен 10-отурумдагы өзөктүү маселелерди талкуу кеңири чөйрөдөгү жыйында уланат.