Жаңылыктар
Свердлов районунун билим берүү борборундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Свердлов районунун билим берүү борборундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду

Свердлов районунун билим берүү борборундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Свердлов райондук билим берүү борборунун бухгалтери тарабынан уюштурулган бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып алуу жана коротуу боюнча коррупциялык схема аныкталган. 

Иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган райондук билим берүү борборунун кызматкерлери менен келишимге келип алып, алар менен биргеликте райондук билим берүү борбору тарабынан уюштурулган тендерлерден утуп алган подрядчы уюмдардын кызыкчылыгы бар жактардын эсебине акча которуу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарды алгандыгы аныкталды. Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында 2014-жылдан азыркы учурга чейинки аралыкта 8 миллион 637 миң 400 сом зыян келтирилгени аныкталган.