Жаңылыктар
Сары-Жаз жана Эңилчек дарыяларында кубаттуулугу 1160 мегаватт болгон алты ГЭС курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Сары-Жаз жана Эңилчек дарыяларында кубаттуулугу 1160 мегаватт болгон алты ГЭС курулат

Сары-Жаз жана Эңилчек дарыяларында жалпы кубаттуулугу 1160 мегаватт болгон алты ГЭСти куруу пландалууда. Муну шарттаган меморандумга Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жасаган жумуш сапарында кол коюлду. 

Документке кол койгон энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, долбоор 5-6 жылдын ичинде кытайлык ТВЕА компаниясы менен биргеликте ишке ашырылат. Сары-Жаз ГЭСтер каскадын куруу энергетикалык коопсуздукту жогорулатууга багытталаган. Муну менен катар ТВЕА менен биргеликте 500 киловольттуу Кемин-Торугарт электр линиясын куруу долбоорун иштеп чыгуу пландалууда.