Жаңылыктар
Үрүмчүдө “ЭКСПО Кытай-Евразия товарлары жана соодасы 2023” көргөзмө-жарманкеси ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Үрүмчүдө “ЭКСПО Кытай-Евразия товарлары жана соодасы 2023” көргөзмө-жарманкеси ачылды

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Үрүмчү шаарында «ЭКСПО Кытай-Евразия товарлары жана соодасы 2023» көргөзмө-жарманкеси ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. 

Көргөзмө-жарманке 21-августка чейин уланат. “Кытай-Евразия ЭКСПО - 2023” көргөзмөсү 6 тематиканы камтыйт: энергетика, smart Life, маданий, санариптик жана жогорку технологиялардын көргөзмө зонасы, айыл чарба продукциялары, текстиль жана кийимдердин көргөзмө аянты. Кыргызстандын көргөзмө павильонун уюштуруу боюнча иштери жүргүзүлүп, Кытай рыногуна кыргыз товарларын айлантуу максатында ата мекендик ишканалардын продукциялары коюлду.