Жаңылыктар
Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун V туру жыйынтыкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун V туру жыйынтыкталды

Абитуриенттерди каттоо 14-16-август күндөрү өттү. ЖОЖдорго кабыл алуунун буга чейинки 4 турунда жалпы 21 миң 750 абитуриент кабыл алынган болчу. 

Жаңы окуу жылга карата жогорку окуу жайларга тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлүүдө. Эми жогорку окуу жайларда бош орундар болсо, 21-22-23-августта саат 9:00дө кабыл алууга кошумча сунушталган абитуриенттердин тизмеси жайгаштырылат. ЖОЖго кабыл алууга кошумча сунушталгандардын тизмесине киргизилген абитуриент бир сутканын ичинде өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу керектигин министрлик белгиледи.