Жаңылыктар
Чолпон-Атада суучулдар машыгуудан өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
 Чолпон-Атада суучулдар машыгуудан өтүүдө

Чолпон-Ата шаарында Азербайжан, Алжир, Бахрейн, Египет, Иордания, Казакстан, Мали, Монголия, Палестина, Россия жана Сауд Аравиядан келген 18 суучул 30 метр тереңдикте окуу-машыгуу жүргүзүштү. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун куткаруучулары практикалык көнүгүүлөрдү иштеп чыгышып, суучулдар үчүн зарыл болгон жабдууларды эффективдүү пайдалануу боюнча тажрыйба алмашып, кесиптик деңгээлин жогорулатышты. Кыргызстандын суучул-куткаруучулары суу астындагы чеберчиликтерин көрсөтүшүп, чет өлкөдөн келгендерге суу алдындагы техникалык ыкмаларын айтып беришти.