Жаңылыктар
Ысык-Көлдө эс алуучуларды сабагандар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө эс алуучуларды сабагандар кармалды

Ысык-Көлдө эс алуучуларды сабаган скутер ижарачылары милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу аталган облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Кош-Көл айылындагы “Радуга Вест” эс алуу борборунун жанындагы пляжда эки эс алуучуну скукет иштеткен 3 жигит сабап салган видео жарыяланган. Сабагандар 18 жаштагы Бишкек шаарынын жана Кош-Көл айылынын тургундары экени аныкталды. Ал ми эс алуучулар ата-бала экени такталды. Жабырлануучулар милицияга арыз жазып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.