Жаңылыктар
Бишкек шаарында миңден ашык лифт болсо анын 90% эскилиги жеткен
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарында миңден ашык лифт болсо анын 90% эскилиги жеткен

Өлкөдө жалпы эле лифт индрустриясын жакшыртып, тейлөө тармагын жеткиликтүү камсыздоо зарыл. Бул багытта Кыргызстан, Казакстан, Орусиянын адистери чогулуп эл аралык рынокто лифт өндүрүшүн күчөтүү жана калкты татыктуу тейлөө багытында пикир алышты.

Орусиянын бир эле шаарында жылына миңдеген лифттер коюлса Кыргызстанда болгону 200дөй жаңысы коюлат. Жыл сайын курулуш жанданганы менен ата мекендик өндүрүштү колдоп Кыргызстанда чыккан лифттерди сатып алуу жакшы жолго коюла элек. Ички рыноктогу суроо-талаптын аздыгынан өндүрүүчү компания экспортко басым жасоодо. ЕАЭБ өлкөлөрүн камсыздоо жана Азияга чыгуу боюнча ири долбоорлор бар.