Жаңылыктар
Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 17-августта саат 19:54дө катталган. Ал Сузак районунун Октябрь, Жерге-Тал айылдарында - 4,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Кара-Чолок айылында - 4 балл, Жалал-Абад шаарында - 3,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.