Жаңылыктар
Милиция кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Милиция кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү кармалды

2010-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана аскер кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн жана издөөдө жүргөн адам кармалды. УКМК издөөдө жүргөн Ош облусунун Кара-Суу районунун 1973-жылы туулган Кыргызстандын жараны чет мамлекеттин аймагында кармалганын билдирет. 

Кармалган адам 2010-жылдын июнь айында Ош облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышкан деп шектелип, Кара-Суу районундагы Нариман айылында Коргоо министрлиги менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө. Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран тергөө камак жайына киргизилет. УКМК 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.