Жаңылыктар
Скутер иштеткендер менен эс алуучулардын мушташы боюнча кылмыш иши козголду
Кыргызстан жаңылыктары
Скутер иштеткендер менен эс алуучулардын мушташы боюнча кылмыш иши козголду

Скутер иштеткендер менен эс алуучулардын мушташы боюнча кылмыш иши козголду. Эскерте кетсек, буга чейин сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында окуяга катышкандардын өздүгү аныкталган. 

Алар Бишкек шаарынын жана Кош-Көл айылынын тургундары экени белгилүү болгон. Мушташка катышкан экинчи тарап Алматыда жашаган кыргыз жарандары болчу. Окуя скутер менен көлдүн үстүнөн айдагандын белгиленген убакыт боюнча талаш-тартыштан улам болгону аныкталды. Оозеки пикир келишпестиктин натыйжасында эс алуучу скутер иштеткен жигитти биринчи уруп жибергенден кийин, башка скутердин ижарачылары эс алып жаткан атасы менен баласын сабашкан. Козголгон кылмыш ишинин алкагында скутерди иштеткендер, ошондой эле Алматыда жашаган кыргыз жараны убактылуу кармоо жайына киргизилди”, - деп жазылат маалыматта.